Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-абаддык Н.Курбанов кандай жыгачтан сапаттуу бешик жасаларын айтып берди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 62 жаштагы тургуну Номан Курбанов бешик жана сандыктардын түрүн сатып, үй-бүлөлүк кирешесин толуктайт. Ал кандай жыгачтан сапаттуу бешик жасаларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Н.Курбановдун айтымында, ал 10 жылдан бери шаардагы базарлардын биринде иштейт.

«Бешиктердин түрү болот. Мисалы талдан, карагайдан, арчадан жана жаңгактан жасалган бешиктер бар. Адардын эң сапаттуусу жана бала үчүн ыңгайлуусу арчадан жана карагайдан жасалган бешиктер болуп саналат. Кардарлардын көбү ушул бешиктерди алып кетишет. Негизинен бешиктерди Ош шаарынан жана Өзбекстандын Андижан облусунан алып келебиз. Биздин иш той сезону башталганда күчүнө кирет. Бешиктер, сандыктар дүкөндүн баасына караганда бир топ арзан. Мисалы бешиктер жасалгасы менен 2500 сом, ал эми бешиктин өзү 1500 сомдон сатылат», - дейт ал.

Н.Курбанов акыркы учурда көпчүлүк адамдар балдарын бешикке бөлөбөй, манежге жаткырып калганын айтат.

«Мындан 3-4 жыл мурда бешиктер өтүмдүү болчу, ал эми азыр суроо-талап аз. Акыркы мезгилде жаштар балдарын бешикке бөлөбөй, манежге жаткырып калышты. Ошондуктан суроо-талап дагы аз болууда», - деди Н.Курбанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 859
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×