Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Нарында Жалал-Абад облусунун маданият күндөрү өтөт

Turmush -  Нарын облусунда 21-23-сентябрь күндөрү өтүүчү Жалал-Абад облусунун маданият күндөрүнүн алкагында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драм театрынын чыгармачыл жамааты Курманбек баатырдын эрдигин сахналаштырып көрсөтүшөт. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында облустук театрлардын кызматкерлери жолугушуп, өз ара тажрыйба алмашуу жүрүүдө.

«Жалал-Абад облусунун маданият күндөрүнүн алкагында Нарын облусуна баруу менен ал аймактын театр өнөрпоздору менен чыгармачылык байланышты бекемдемекчибиз. Буюрса, кийин иргелешкен чыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу да мүмкүн болуп калат», - дейт ал.

Облустук театрдын чыгармачыл жамааты быйылкы жылы Жалал-Абад облусундагы район-шаарларга япон драматургу Киносита Дзюндзинин «Каркыранын канаты» спектаклин тартуулайт. Бул спектаклде адамгерчиликтен да, сүйүүдөн да байлыкты тандап кеткен Йохио аттуу япон дыйканынын образы чагылдырылат. Андан соң, Жалал-Абад шаарынын тургундарына грузин драматургу А.Цагарелинин «Ханума» комедиясын сахналаштырып көрсөтүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 266
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×