Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда эл аспаптар оркестри түзүлөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы музыкалык мектепте мугалимдердин курамынан турган эл аспаптар оркестри түзүлөт. Бул тууралуу аталган мектептин элдик аспаптар бөлүмүнүн башчысы Фарида Стамкулова билдирди.

Анын айтымында, шаар боюнча атайын элдик аспаптардан турган оркестр жок. Мындан ары майрамдарга, коомдук иш-чараларга активдүү катышып, элдик аспаптарды эл арасына кеңири жайылтуу максаты турат.

«Аталган оркестрге бардык элдик аспаптарды камтыйбыз. Учурда жаштарыбыз комузду гана жакшы билишет. Бирок анын катарында ооз комуз, чопо чоор, кыл кыяк, чоор сыяктуу башка аспаптар да бар эмеспи. Булар тууралуу жаштар жакшы биле бербегендиктен, эми ушул сыяктуу аспаптарды жайылтууну көздөп жатабыз», - дейт Ф.Стамкулова.

Алынган маалыматка караганда, эл аспаптар оркестринин курамына жалпысынан 13 музыкант тартылат. Уюштуруу иштерине жалпысынан 2 ай талап кылынары айтылууда. Андан соң оркестр эл алдына чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 580
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×