Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Өз кан басымыңды билип ал» акциясы башталды

Turmush -  Жалал-Абадда облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун демилгеси менен мамлекеттик мекеме-ишканаларда эмгектенген жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында «Өз кан басымыңды билип ал» аталышындагы бир апталык акция башталды. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Кадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, бул акция бир жумага уланат.

«Көп жарандар өздөрүнүн кан басымы канча экенин билишпейт. Өз ден соолугуна кайдыгер болуп, бир жылда бир медициналык көзөмөлдөн өтпөгөн жарандарыбыз да аз эмес. Өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында жарандардын кан басымы көрсөтүлгөн нормадан жогору же төмөн болсо, аларга өздөрү катталган дарылануучу пункттарга кайрылуу боюнча кеп-кеңештер берилет. Бул акцияны үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери өткөрүп жатат», - дейт К.Пратова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×