Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда балмуздак саткан павильондун ээси адамдар уулангандан кийин айып пул төлөдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы балмуздак сатуучу павильондун башчысына кемчиликтер үчүн административдик укук бузуу протоколу түзүлүп, токтомдун негизинде 5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиология жана медициналык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Ү.Жоробаев атайын жыйында баяндады.

Анын айтымында, айып пул мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

«Павильон жабылып, кайра ачууга уруксат берилген жок. Павильондогу 1-сентябрдагы сатуудан артып, 2-сентябрда сатууга алынып келген балмуздак сырьену даярдаган Л.Б. аттуу адам тарабынан жок кылынды. 1-сентябрь күнү аталган павильондон балмуздак жеген адамдар Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө уулануунун белгилери менен түшкөн. Алар тиешелүү медициналык жардам алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 573
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×