Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда изделип жаткан 20 жаштагы М.Елдашова табылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында изделип жаткан 20 жаштагы Елдашова Машхурхон Сражидиновна табылды. Ал үйүнө бүгүн, 17-сентябрда барганын Жалал-Абад ШИИБдин басма сөз кызматынан аймактык кабарчыга билдиришти.

Учурда анын мындай кадамга баруусунун себебин тактоо иштери улантылып жатат.

Жалал-Абад ШИИБдин билдирүүсү боюнча, М.Елдашова 2017-жылы 5-сентябрь күнү саат 9:00 чамасында Достук кичи районунун Өмүрзаков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон изделип жаткан болчу.

Ал эми, 18 жаштагы Оморалиев Нурмухамед Калиловичти издөө иштери улантылып жатат. Ал 2017-жылы 28-август күнү саат 20:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндөгү үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу апасы Жалал-Абад ШИИБге билдирген.

Белгилери: бою 160-165 см чамалуу, салмагы 66-60 кг, ак жуумал, чачы кыска жана кара. Башында тырык, оң көзүнүн капталында кара калы бар. Кийген кийимдери: кара-сары жеңи жок көйнөк, көк түстөгү чолок шым, бут кийим.

Оморалиев Нурмухамед тууралуу билгендер 102 кызматына же (3722) 5 28 31 номуру аркылуу маалымат берсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1116
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×