Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында 100дөн ашык бош жумуш орундар сунушталууда

Turmush -  «Адам сатууга каршы 100 күн» аталышындагы акциянын алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы бош жумуш орундардын жармаңкесин уюштурду. Кечээки иш-чарага шаардагы билим берүү мекемелери, ар кайсы багыттагы ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулованын айтымында, Жалал-Абад шаары боюнча 200 адам жумушсуз деп катталган. Ал эми, учурда шаар ичинде 126 бош жумуш орун бар экени белгилүү болду. Ошондой эле, студенттер үчүн окуудан сырткаркы убакыттагы жумуш орундар каралып жатат. 

«Эгер мындай иш-чаралар уюштурулбаса жумушсуз жүргөн жарандар алдамчыларга алданып, кулчулукка туш болуп калышы толук ыктымал. Чет жакка кетүүчүлөр болсо аларга жардам кылып, мыйзамдуу түрдө жиберүүнү көздөп жатабыз. Учурда айдоочулукка, ашпозчуларга, жардамчы жана сатуучулукка бош орундар көп болууда», - деди ал.

Шаарда бош жумуш орундардын жармаңкеси жыл сайын өткөрүлүп келнт. Ушул эле жылдын июль айында да  ушундай жармаңке өткөрүлгөн. Жармаңкеде шаар боюнча 348 орун сунуш кылынып, анын жүрүшүндө 25 адам жумуш менен камсыз болгон эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×