Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында 3 үй өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 3 турак үй өрт өрттөнүп, материалдык зыян келтирилди.

ӨКМ билдиргендей, кечээ, 14-сентябрда саат 14:30 чамасында чыккан өрттүн кесепетинен Пионер көчөсүндөгү №29 үйдүн 158 чарчы метр чатыры, №31 үйдүн 32 чарчы метри жана Пионер тар көчөсүндөгү №2 үйдүн 42 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттү өчүрүү үчүн №20 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 бөлүм, №58 бөлүктөн 1 бөлүм тартылган. Саат 14:48де өрт чектөөгө алынып, саат 15:50дө толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн себебин жана чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1181
Көп окулду
×