Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад облустук ооруканадагы жетишкендиктер: Хирургиянын курулушу, жаңы жабдуулар жана капиталдык оңдоо иштери

Turmush -  Акыркы жылдан бери Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында бир катар иштер аткарылып, алгылыктуу жыйынтыктар болуп жатат. Тактап айтканда, мекемеге медициналык заманбап жабдуулар алынып, айрым бөлүмдөрдүн имараттары капиталдык оңдоодон өтүп, айланасын жакшыртуу аракети жанданган.

Деги эле бейтаптарга шарт түзүү үчүн жасалып жаткан кадамдар, көпчүлүк күткөн ыкчам хирургия ооруканасындагы курулуш иштери жана башка суроолорго облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев Калматович жооп берди.

Ж.Карабаев

IMG-20170910-WA0117

- Жаныбек Калматович, алгач оорукана боюнча жалпы маалымат берип кетсеңиз. Оорукана канча керебетке ылайыкташкан, жыл башынан бери канча бейтап дарыланып чыкты?  

- Биздин оорукана 575 керебетке ылайыкташкан, 31 бөлүм бар. Биздин түзүмгө облустук төрөт үйү, тери, неврология да камтылган. Жыл башынан тарта 7 ай ичинде бизден 15 миңден ашуун бейтап дарыланып чыкты. Калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн болгон аракетибизди жумшап иштөөдөбүз. Бизге келген бейтаптарга шарт түзүү үчүн болгон күч менен иш жүрүп жатат. 

- Капиталдык оңдоп-түзөөлөр кандай болуп жатат?  

- Быйыл облустук төрөт үйдө толугу менен шарт түзүлдү десек болот. Бул оорукана 1997-жылы ишке берилип, андан бери имараты бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Быйыл өкмөттүн, биздин министрликтин, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп алдык. Медициналык жабдуулар жакшырып, эмеректер алмаштырылып, шейшептерге чейин жаңыланды. Көз жаруу үчүн келген энелерге бардык шарттар түзүлдү. Мекемедеги абалдын жакшыруусу биздин медицина кызматкерлердин иштөөсүнө да түзүлгөн эң чоң шарт десе болот. Төрөт үйүндөгү ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө кошумча бөлмөлөр берилип, бул бөлүмгө да өзгөчө көңүл бөлүндү. Жалпысынан 80% материалдык-техникалык база чыңдалды.

Ошондой эле, балдар бөлүмүндө балдарды кабыл алуучу жай жакшыртылды. Жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Буга чейин бул бөлүмдүн жарымы оңдоодон өткөн, жумуш кызуу уланууда. Бул бөлүмдө да жетишпеген керебеттер жаңыланып, аба желдетүүчү түтүктөрдү койдук. Ашканадагы шарт да жакшыртылды. Оңдоп-түзөө үчүн 1 млн 200 миң сом акча керектелген.

Мындан сырткары, 1983-жылы пайдаланууга берилип, бирок капиталдык оңдоодон өтө элек дарыкананын абалын жакшыртуу аракеттери башталды. Мындан эки жыл мурун биздин дарыкана оорукананын стандартына ылайык эмес деп, аралашма жасоого тыюу салынган. Мындан улам аны жакшыртуу үчүн 2,5 млн сомго тендер өткөрүү пландалууда. Бул иштердин натыйжасында чыгымдар азайып, бизге пайда болот. Мамлекеттен берилген каражатты үнөмдөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.  Оорукананын имараттарын гана актап-сырдоого көңүл бөлбөстөн, айлана-чөйрөбүздү да жакшыртуу аракетин көрүп жатабыз. Учурда оорукана жалпы 15 гектарга жакын аянтты ээлейт. Анда гүлдөрдүн түрү эгилди. Түрдүү гүлдөр өсүп, айлана жашыл, таза болуп турса бейтаптардын маанайы да ачылат. Бейтаптардан кабар алуу үчүн келген жакындары да эстен чыккан жок. Алар үчүн атайын отургучтарды көбөйттүк. Ошондой эле, кийинки жылы жаш арчаларды отургузууну пландап жатабыз. Андан сырткары оорукананын аймагындагы ички жолдорго, тротуарларга асфальт төшөө үчүн тендер өткөрүү алдында турабыз. 

- Азыркы тапта сиздерде ыкчам хирургия ооруканасы курулууда. Курулушу жанданган оорукана качан кызмат кылып баштайт?

- Чынында тарыхта кала турган окуя болуп жатат. Мындай оорукана бизде биринчи жолу курулууда. Эки кабаттуу оорукананы куруу үчүн жалпы 3 млн евро бөлүнгөн. Учурда курулушу жанданган имараттын  экинчи кабатынын карказы тургузулуп калды. Жумуш кызуу жүрүп жатат. Планга ылайык 2018-жылдын жаз мезгилинде бүткөрүлүп, тапшырылышы керек. Бул оорукананын ишке берилишин эң чоң өзгөрүү, эң чоң бурулуш катары айта алабыз. Мындай заманбап имараттын курулуп жатышына албетте президентибиздин, өкмөт башчынын, министрликтин, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын колдоосу чоң. Оор абалда ыкчам жардамга муктаж болуп кайрылгандарга чоң мүмкүнчүлүк жаралат.  Мындагы оорукананы «Интерер сервис» ЖЧКсы курууда. Имарат сапаттуу курулуп жатат десем адашпайм, анткени курулушуна тынбай барып көз салып, технозорлор менен сүйлөшүп, көз салып жатабыз.

1

- Перинаталдык борбор курулат деп жаттыңыздар эле. Ал борбор эмне болуп жатат?

- Туура, облустук төрөткананын жанына перинаталдык борбор куруу пландалган. Республикалык бюджеттен каржыланып, курулуучу имарат долбоорго кирген. Ал борбордун курулушу быйылкы жылдын төртүнчү чейрегинде же 2018-жылдын биринчи кварталында баштала турганы күтүлүүдө. 60 керебетке ылайыкташкан борбор курулса, ара төрөлгөн балдар үчүн дагы, төрөгөнү келген аялдар үчүн дагы жакшы шарт түзүлгөн болот.

- Калктын саламаттыгына эң зарыл болгон медициналык жабдуулар да жакшыртылып жатабы? 

- Бейтаптардын саламаттыгы үчүн зарыл болгон заманбап медициналык аппараттар сатылып алынууда. Быйылкы жылдын январь айында 4 млн 200 миң сомдук боор оорусун аныктоочу эң зарыл болгон «Фиброскан» аппараты алынды. Бул аппарат организмге такыр зыяны жок, оорутпаган, ошол эле учурда өтө маалыматтуу аппарат болуп эсептелет. Биздин эл үчүн өтө чоң жетишкендик, анткени ал медициналык жабдуу Бишкекте гана болгондуктан муктаж адамдар атайын борборго барып түшүп келишчү. Эми андай убаракерчилик тартпай калышты. Андан сырткары, 1 даана «Тойота Хайлюкс» реанимобиль медициналык жабдуулары менен, 2 даана ИВЛ аппараттары, 18 даана кислород концентратору (аба бөлүп берүүчү аппарат), «АИСТ-1» столу, 2 даана авкадистиллятор ингаляция аппараты, 2 гемодиализ жабдыгы, экспресс кан анализатору, 1 даана электрокардиограф, 15 муздаткыч, ошондой эле дефибриллятор жана башка ушул сыяктуу медициналык жабдыктар алынды. Медициналык жабдууларды жакшыртуу аракетибиз улана берет.   

- Жаз мезгилинде көчмө клиника тапшырылды эле. Район-шаарларга чыгып жатабы?

- Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан 12 млн 500 миң рубль каражатка мобилдик көчмө клиника алынып берилип, аны Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин ооруканага бөлүп, тийиштүү жетекчилердин катышуусунда тапшырылган. Клиниканы тапшыруу аземине министр Талант Батыралиев өзү да катышкан. Бул көчмө клиниканын пайдасы чоң. Иштөөгө бардык шарт түзүлгөн клиника менен Ала-Бука, Аксы, Майлуу-Суу, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорун кыдырып, калктын саламаттыгын текшерүүдөн өткөрүп келдик. Алдын алуу иштери жүрүп жатат. Ошол эле тапта көчкү, сел сыяктуу өзгөчө кырдаал катталган жерде болуп, калктын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатты. Мындан ары да район-шаарларга болгон кыдыруулар улана берет.

- Бардык эле тармакта кадр көйгөйү бар. Сиздердин мекемеде кандай багыттагы дарыгерлер жетишсиз?

- Кадр көйгөйүнөн биздин мекеме да алыс эмес. Бизде негизинен неанатолог, реаниматолог дарыгерлер жетишсиз болуп жатат. 

- Эл арасында «Ак халатчандар акча алды, орой мамиле жасады» деп айтылып келет. Сиз жетекчи катары мыйзамсыз акча алуулар боюнча кандай аракет көрүп жатасыз?

- Туура, андай сөздөр айтылып жүрөт. Биз медицина кызматкерлерине келген бейтаптарга сылык мамиле жасоону, мыйзамсыз акча албоону айтып, эскертип турабыз. Акча сурады деп айтышат, бирок акча алды деп кайрылып киргендер жок. Бизде 6 жерде видеокамера коюлган, бөлмөлөрдө ишеним телефондор илинип турат. Калктын кайрылуусуна кайдыгер карабайбыз.

- Оорукананы жакшыртуу үчүн алдыда кандай пландарыңыздар бар?

- Бизде 40-50 жыл мурун курулган имараттар бар. Учурга ылайыкташкан заманбап оорукана куруубуз абзел, бул заман талабы. Ошондуктан 288 керебетке ылайыкташкан заманбап оорукана куруу үчүн долбоор даярдап жатабыз. Жакшы үмүт менен өз аракетибизди жасайбыз. Биздин долбоор колдоо таап  калат деген үмүтүбүз чоң. Максатыбыз, тилегибиз ишке ашса түп тамырынан өзгөрүү болот.

- Адам өмүрүн сактаган, жан сыздаткан оорудан айыктырган дарыгерлердин ишмердүүлүгүнө ийгилик, өздөрүнө бекем ден соолук жана үй-бүлөсүнө тынчтык каалайбыз. Жаныбек Калматович, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1280
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×