Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Ош—Бишкек унаа жолунда 3 облустун жаштары түлөө өткөрүп, айдоочуларга эт таратышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-сентябрда Ош—Бишкек унаа жолунда 3 облустун жаштары жол кырсык азайсын деген тилек менен түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Келдибек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун жаштарынан куралган «Келечек жаштары» коомдук уюмунун мүчөлөрү кой союп, этин айдоочуларга тараткан.

«Акыркы учурда жол кырсыктар көп катталып, курман болгондор да көбөйдү. Ошого байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткендин жаштары биригип, жарандарыбыз бөөдө кырсыкка кабылбасын, жол кырсыгы азайсын деген максатта кой союп, түлөө өткөрдүк. Биздин иш-чарага облустук казыят жана Патрулдук милиция да көмөктөштү», - деди К.Жээнбеков.

Акциянын алкагында айдоочуларды Патрулдук милициянын кызматкерлери токтотуп, эрежелерди сактоого чакырып, даам сыздырып жатышты.

Түлөө — курмандык чалып, жогорку күчтөрдөн, кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым. Түлөө берүү жакшылыкты тилөө — эл-журттун, бала-чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адамдын же малдын аман-эсен табылгандыгына, кырсыктан аман калганда, жаңы тууган күткөндө жана башка жагдайларда берилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1687
Көп окулду
×