Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абаддын борбордук аянтында 2,5 миңдей адам Курман айт намазын окуду

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду, деп билдирди аймактык кабарчы. Намазга өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев, шаардын мэринин милдетин аткаруучусу Сайдулла Авазов, облус казысы Абдулазиз Закиров баштаган бир топ жетекчилер катышты.

Жалпысынан борбордук аянтка 2,5 миңден ашуун адам чогулуп, өкмөт өкүлү шаар тургундарын жана жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүн, улуттардын ынтымагынын чыңалуусун жана жалпы момун мусулмандарга ынтымак, тынчтык, биримдик каалап өттү.

Буга чейин Курман айт намазы мечиттерде окулса, быйыл шаардын борбордук аянтында окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1145
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×