Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда кош майрамдарга карата милиция кызматкерлери гарнизондук саптан өттү

Turmush -  Бүгүн, 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери гарнизондук саптан өтүштү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ИИМдин ардагерлери катышып, майрамдык куттуктоолорун айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгында жана 1-сентябрь Курбан Айт майрамына, жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Облус боюнча күч күзүмдөрү белгиленген аймактарга бөлүнүп, жалпысынан 1000ден ашуун кызматкер тартылды.

Гарнизондук саптан өткөн соң, ИИМдин, ОИИБдин буйруктарынын негизинде алгачкы жана кезектеги чиндер берилди. Ал эми башкармалыктын жетекчилиги алгылыктуу жумуш алып барган алдыңкы кызматкерлерди алкыш, сый баракчалар менен сыйлоо менен бирге көрсөтүлгөн тапшырмаларды так аткарууну буйруду.

Кош майрамдарга карата шаар райондордун борбордук аянттары убактылуу жабылат. Ошону менен катар жол кыймылдары да көзөмөлдөнөт. Ал эми жаңы окуу жылына карата жалпы өздүк курам мектептерге бөлүнүп, жылдагыдан айырмаланып, быйыл баардык мектептерде кылмыштуулукту болтурбоо, жол кырсыктарын, кокустуктуктарды алдын алуу боюнча ачык сааттар, лекциялар милиция кызматкерлери тарабынан өтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×