Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында эртең 47 млн сомго салынган жаңы мектептин ачылышы болот

Turmush -  Ысык-Көл районунда эртең, 1-сентябрда жаңы салынган мектептин ачылышы болот. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өрүктү айылындагы жаңы мектеп 225 орунга ылайыкташкан.

«Мектептин курулушу 2014-жылы башталып, ага республикалык бюджеттин эсебинен 47 млн сом бөлүнгөн. Мектептин алдында спорт зал дагы курулган. Мектеп тиешелүү эмеректер жана инвентарлар менен жабдылган», - деп айтылат маалыматта.

Мектептин ачылышына вице-премьер-министрдин жана облус жетекчисинин катышуусу күтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 832
Көп окулду
×