Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо жаңы курулуп жаткан Бел-Терек мектебинин дубалдарында жарака пайда болду

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Бел-Терек мектебин куруп жаткан Бишкек шаарындагы «Тамыш» ЖЧКнын үстүнөн облустук прокуратурага кайрылуу болду. Мындай пикирди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жаңы окуу жылына карата даярдыктарды талкуулаган облустук коллегияда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, мектепти куруу үчүн былтыр жана быйыл да бөлүнгөн каражатка ылайык жумуш жүргөн эмес. Мындан улам ишкана үстүнөн прокуратурага кайрылышкан.

Өкүлдүн орун басары райондун акимине кайрылып: «Мектепти куруп жаткан ишкананы таппай жүрөсүңөр. Бул боюнча прокуратурага кайрылдык. Бөлүнгөн каражатка жараша жумуш жүргөн эмес, бул үчүн иштешиңер керек болчу», - деди.

Район акими курулуш иши жүрүп жатканын, жаңы окуу жылына мектеп даяр болоорун айтты. Бир аптадан кийин бул мектептин абалы жеринде текшерилмекчи.

Ал эми жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча жыйында Бел-Терек орто мектебинин имараты тургузулуп, чатыры жабылып, айнек-терезелери коюлган менен дубалдарында жарака пайда болгону да айтылды.

«Учурда аталган мектепте курулуш иштери токтоп тургандыктан, билим алган 238 окуучу сентябрь айынан тарта эски имаратта окууга тура келет. Бирок, балдардын ата-энелери эски мектепке балдарын берүүдөн баш тартып жатканын мектеп директору айтты», - деди өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Аширова.

Белгилей кетсек, аталган мектеп 150 орунга ылайыкташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×