Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Президенттик шайлоодо айрым күчтөр кырдаалды курчутууга чейин барышат, - БШК төрайымы (фото)

Turmush -  Алдыдагы шайлоо оңой болбойт, айрым күчтөр кырдаалды курчутууга чейин барышат. Андыктан ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Мындай пикирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабеков шайлоого карата даярдыктар боюнча Жалал-Абад облусундагы штабдын кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого 1-августка чейин 59 талапкер катталды. Анын ичинен 11 талапкер 10 партиянын чечими менен маарага чыккан. Бирок талапкерлердин айрымдары мыйзам талаптарына туура келбегендиктен четтетиле баштады.

«Эки талапкер жашы жете электигине байланыштуу четтетилди. Ал эми 3 талапкерди четтетүүгө белгиленген тартипте шайлоо фондуларын ача албаганы себеп болду. Бир талапкерден соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу БШК каттоодон баш тартты. Дагы 4 талапкер мамлекеттик тил боюнча тесттен тийиштүү деңгээлде упай топтой алышкан жок. Талапкерлердин саны дагы кыскарышы мүмкүн. Анткени талапкерлер арасында соттуулугу жоюлбагандар, каржы жагынан мыйзамда көрсөтүлгөн талапты аткарбагандар бар», - деди ал.

Ошондой эле, Н.Шайлдабекова 30 күндөн кийин алгачкы тизме, шайлоого үч күн калганда акыркы тизме шайлоо участкаларына илине турганын айтты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тизме тактоодо активдүү болууга чакырды.

«Биринчи 30 күндүктө активдүү катышып, тактап алалы. Бул жолку шайлоо «Кошунаңды ала бар» акциясы менен коштолот. Акцияда оорукчан кошунаңа жардам берип ала барып, анын да шайлоого катышуусуна салым кошсоң болот. Бул кадам моралдык жактан колдоо болот. Укук коргоо органдарына да ыраазычылык билдирип кетем. Анткени, өткөн шайлоолордо коомдук тартипти сактоого күч жумшашты. Алдыдагы шайлоо да оңой болбойт. Айрым күчтөр абалды курчутууга чейин барышат. Андай абалга да даяр болушубуз керек», - деп кошумчалады БШК башчысы.

Жыйында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан тизмени тактоодо каза болгон атуулдар боюнча маалымат берилгени менен кайрадан тизмеге кошулуп жатканы айтылды. Ыйгарымдуу өкүл К.Сатыбалдиев шайлоого даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×