Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абадда болуп, туризм тармагын талкуулашты

Turmush -  Бүгүн, 18-августта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу талкууланып, Ы.Ызабеков облустун экономикалык абалы жана жаратылышы боюнча маалымат берди.

«Биздин Арстанбап, Сары-Челек, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый маалыматты камтыгын жерлерибиз бар. Бул аймактарга туристтерди тартууга болгон аракетибиз күч», - деди орун басар.

Жолугушууда элчи туризм тармагында иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү менен жолуктуруп, түрдүү окууларды өткөрүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, эки тараптуу сүйлөшүүдө тоо кен, өнөр жай, кайра куруу жана туризм тармагында чоң долбоорлор сунушталмай болду. Элчи алдыда өтүүчү президенттик шайлоо тынч өтүүсүнө тилектеш экенин да белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 496
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×