Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда быйыл жаңгактын түшүмдүүлүгү аз

Turmush -  Тоолуу аймактарда жаңгактарды үшүк алып, түшүмдүүлүк өтө аз. Бул тууралуу Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Кеңеш Пиназаров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айынын ааягында жааган кар жаңгактарды үшүккө учураткан. Ошондуктан быйыл жаңгак өтө аз жана түшүмдүүлүгү начар болууда.

«Жаңгак аянттары дыйкандарга берилген. Алардан биз жыл сайын үрөн гана топтоп алабыз. Аны менен жыл сайын токой аянтын 20 гектарга кеңейтебиз. Мурдагы жылдары ал үчүн 6 тонна жаңгак топтоп алчубуз. Быйыл 3 тоннадай эле түшүм алчудайбыз. Жаңгак көп жылдык өсүмдүк болгондуктан быйылкы түшүмсүздүк кийинки жылдагы токой аянтын узартууга тоскоол болбойт. Болгону дыйкандарга бир топ зыян болду», - дейт К.Пиназаров.

Дыйканчылык менен алектенген Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын тургуну Раатбек Бекбоевдин айтымында, быйыл жаңгактарды үшүк алып кетти.

«Менин 3 гектар жаңгак аянтым бар. Жыл сайын андан 500 килограммдай түшүм алам. Ансыз да дарактарды курт жеп, түшүмдүүлүк азайып бараткан. Быйыл апрель айынын аягында кар жаап, үшүк алды. Кызыл-Үңкүрдүн жогорку зоналарында түшүм болбой калды», - деди ал.

Жалал-Абад облусунда 40 миң гектар жерде жаңгак өстүрүлүп, 15 жаңгак чарбасы иш жүргүзөт. 2014-2015-жылдардан бери жаңгактын түшүмдүүлүгү жана чет өлкөгө экспорттоо аз болууда. Облус боюнча жыл сайын 10 миң тоннадан ашык жаңгак өндүрүлөт. Быйыл жаңгактын үшүк алышы менен бул көрсөткүч бир кыйла төмөндөшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×