Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.05.2017 09:51

Айыл турмушу: Жалал-абаддык профессор К.Ашимов күнөскана куруп, жаңгактын көчөттөрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  ЖАМУнун окутуучусу, профессор, биология илимдеринин доктору Камиль Ашимов Жалал-Абад шаарындагы Спутник шаардык аймактык башкармалыгындагы үйүнө күнөскана курду. Анда жогорку сорттогу жаңгак көчөттөрүнүн ондогон формаларын өстүрүүдө. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов профессордун иштеткен дыйкан чарбасы менен таанышты.

Учурда бою бир карыштан эми гана көтөрүлгөн көчөттөрдө жаңгак мөмөсүн түйө баштады. Азыр окумуштуунун күнөсканасында 500дөн ашуун жаңгак көчөттөрүнүн 17 формалары өстүрүлүп жатат.

Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы (МАНЭЛиЛ) 2015-жылдын февраль айында өз алдынча же мамлекеттик мекеме-ишканаларга альтернатива катарында уюшулган. Учурда Академиянын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрүндө 40тан ашуун мүчөлөрү бар. Анын курамына 6 академик жана 8 мүчө-кабарчылар шайланышкан. МАНЭЛиЛдин президенти, академик, биология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун окутуучусу Камиль Ашимов болуп саналат.

Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы тарабынан 2017-жылы жаңгак, мөмө-жемиш токоюнда жана айыл-кыштактардагы жеке менчик үй алдында өскөн жаңгактардын формалары тандалып алынып, жаңы усул ыкмасы менен улаштырылды. Бул усул чет мамлекеттерде, өзгөчө Европада, көбүнчө Италияда кеңири тараган. Кыргыз улуттук академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жаңгакчылык жана мөмө өсүмдүктөр институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Советбек Кенжебаев атайын Италияга барып, улоо усулун үйрөнүп келген.

Негизинен кыйыштыруу, стимуляцияга коюу жумуштары жана аны көзөмөлгө алуу иштери Өмүрбек Кожошевге жүктөлгөн.

«Бул усулдун негизи жаңгак дарагынын эң жогорку түшүм берүүчү, мөмөсү чоң жана эрте түшүмгө кирүүчү, каңырты формаларын улоо жолу менен келечектүү көчөттөрдү алуу болуп саналат. Өзүңөргө белгилүү болгондой, жаңгакты улоо башка дарак өсүмдүктөрүнө караганда бир кыйла татаал. Ошондуктан биз жаңгак көчөттөрүн кыш мезгилинде (февраль айында) улап, аны атайын жабдыктарда жылуулап, улама жакшы тутуп кармап калышы үчүн өбөлгө жараттык. Эрте жазда уланган көчөттөрдүн кыюу үстүндө жайланышкан бүчүрлөрү ойгонуп же жалбырак чыгарганда көчөт жылуу жерге – күнөсканага отургузулат. Кийинчерээк кеч күздө же эрте жазда атайын көчөт өстүрүлүүчү жайларга кайрадан отургузулат же сатыкка чыгарса болот. Бул ыкма менен алынган көчөттөрдөн 80%га чейин эң жогорку формадагы көчөттөрдү алабыз жана ал көчөттөргө 100% кепилдик беребиз», - дейт К.Ашимов.

Профессорго күнөсканада өстүрүлүп жаткан жаш жаңгак көчөттөрүнүн формаларын кароодо анын өмүрлүк жубайы Гүлнара Токторбаева жакындан жардам берип, кол кабышын аябайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×