Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.04.2017 11:04

Жалал-Абадда «Мырза жигит» кароо-сынагы өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда окуган студент жигиттер арасында «Мырза жигит» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Токторалы Шеримбетов билдирди.

Анын айтымында, студенттер арасындагы мындай кароо-сынактар буга чейин да өткөрүлүп келген. Кароо-сынакка буга чейин тандалган 4 студент жигит катышып, алар сынактын шарты боюнча өз өнөрүн көрсөтүү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, улуттук оюндарда өз мүмкүндүктөрүн көрсөтүү жана калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго жооп берүү жагынан таймашты.

«Студенттер арасындагы мындай кароо-сынактарды өткөрүүнүн негизги максаты — өлкөнүн жана коомдун маданий-эстетикалык баалуулуктарын, келечектеги маданият кызматкерлеринин ар тараптуу билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Сынактын соңунда ар тараптуу өзгөчөлөнгөн, аткаруу чеберчилиги менен айырмаланып, алдыңкы орунга жетишкен студенттерге ардак грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды», - деди ал.

Жалал-Абад маданият техникумунда 167 студентке 32 мугалим билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×