Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.02.2017 11:00 На русском

Айыл турмушу: 200 сом үчүн окууга өтпөй калган Ш.Ботобаев 20 жылдан бери күндөлүк жазат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жашаган 6 баланын атасы Шекербек Ботобаев 20 жылдан бери күндөлүк жазат. Эгер шаардын аймагынан чыкса дептерин унаасына салып алып, күндөлүк жазбай калса бир буюмун жоготконсуп, кыйнала берет. Үйүнө түнкү бир убакта барса да сөзсүз түрдө күндөлүккө ошол күнкү окуясын жазат.

«Күндөлүк дептерим — менин тарыхым, басым өткөн жолум», - деген Ш.Ботобаев ар бир күнүн эрикпей дептерге түшүрөт. Анын күндөлүк толтуруп калышынын да узун тарыхы бар.

Ш.Ботобаевдин айтымында, жаштайынан жетим калган. Болушаар атасы, бооруна кысаар энесинен эрте ажырап, ата-эне мээримине зар болуп эрезеге жеткен. Жаш кезинде далай жолу өгөйлөнүп токмок жеген. Оор күндөрдүн элеси калгандыктан кээде жаш кезин эстегиси келбейт. Таякесинин колунда өскөндүктөн кийим-кечеден, тамак-аштан өксүү болгон эмес, бирок мээримге муктаж болчу. Ошентип жүрүп жогорку окуу жайга тапшырууну көздөп, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайга барган. Билимин сынап, сынактан өтүп, жетиштүү упай топтогон. Бирок, 200 сому жок окууга кире албай калган.

Окууга деген үмүтү үзүлгөн соң кесиптик лицейден билим алууга белсенген.

«Лицейде тамак-аш, кийим-кече берилет, болгону окушуң керек экен. Дароо айдоочулукка кирип алдым да, лицейди аяктадым. Андан кийин армияга кеттим. Аскердик милдетимди аткарып келгенден кийин кайрадан мал доктур болууну кыялданып, шаардагы зооветеринардык техникумга тапшырдым. Акча бере албай калгам деген өксүү болгондуктан ал окуу жайга өтүү үчүн 300 сом бердим. Акчамды тааныш бирөөгө берсем, ал акчамды жеп коюптур. Ошентип дагы окууга кире албай калдым. Ошону менен окуйм деген ойдон кайтып, жашоо тиричилик үчүн кара жумуш болсо да иштөөгө киришип кеттим», - дейт ал.

Ошентип үй-бүлө күтүп, жашоосун жакшыртуу менен алек болуп кеткен. Ал эрезеге жеткенден кийин гана атасынын ыр жазып жүргөн дептери колуна тийген. Атасын көрбөсө да анын кол жазмасы ага дем, күч берип, атасын көргөндөй сүйүнгөнүн айтат.

Ш.Ботобаев алгач ар бир күнү тууралуу дептерге жазып коюп жүргөн. 1995-жылдары жумуш издеп, Россия Федерациясына бет алган. Телефон менен сүйлөшүү оор болгондуктан балдарына, элге-жерге болгон кусалыгын дептерге күн сайын түшүрө баштаган. Ала-Тоосун сагынуудан күндөлүк жазуу адатка айланып калган. Бир жылда 5-6 күн гана күндөлүккө жазылбай калышы мүмкүн. 20 жылдан бери жазып жүргөн дептерлерин сактап да жүрөт. Ал дептерлерин балдарына белек болуп калат деп эсептейт.

Күндөлүктө жазылган маалыматтарын жыйнап, «Баары жакшы болот» деген китеп чыгарууну пландоодо. Учурда шаар аймагында айдоочулук менен тиричилик кылат. Балдарынын баарына жогорку билим берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×