Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.01.2017 16:33

Айыл турмушу: Жалал-абаддык музыкант кардан белгилүү инсандардын элесин жасайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Шекербек Ботобаев акыркы үч жылдан бери кардан адамдын элесин жасайт.

Ш.Ботобаев былтыр кардан улуу акын Токтогул Сатылгановдун элесин жасаган. Анын кесиби музыкант болгондуктан кардан чыгармачыл адамдардын элесин жасоого басым кылат.

«Быйыл кар аз жаагандыктан эшиктин алдындагы кардан адамдын элесин жасоону чечтим. Быйыл жасаган эмгегим аялдын элесине окшош болду. Муну жасоо үчүн 4-5 саат убакыт кетет. Эшиктин алдындагы кар жетпей калгандыктан короонун сыртынан кар ташып жатсам кошуналарым: «биз карды сыртка ташып жатсак, сен корооңо ташыйсың» деп күлүшкөн. Дарбаза ачылып калганда кошуналарым кардан жасап койгон кишини көрүп, сонун экен деп сүрөткө түшүп калышат», - дейт ал.

Ал белгилегендей, кардан жана муздан түрдүү скульптураларды жасаса болот. Ага убакыт талап кылынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×