Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.01.2017 12:27

Айыл турмушу: Жалал-абаддык фармацевт М.Ахмедова өзү баккан кашка бакалар менен бейтаптарды дарылайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Мехринса Ахмедова 18 жылдан бери кашка бака багып, аны элдик медицинада пайдаланат.

М.Ахмедованын айтымында, ал фармацевт адистиги боюнча билим алып, кесиби боюнча эмгектенген. Бирок, балдарын багып, аларды эрезеге жеткирүү үчүн жумушун таштоого мажбур болгон. Үй жумуштарынан тышкары ал бака багуу менен алектенет. Көбүнчө ага ангина, богок, бронхит, сарык оорулары менен жабыркагандар кайрылышат.

«Негизинен мен ооруларды айыктыруу үчүн кашка бака колдоном. Себеби, бул бака адамга йод берет. Дарыгерлерге кайрылып, алардын чыгарган анализине карайм. Ал эми ангина, богок ооруларын тамакты кармап билсе болот. Бака багуу иши мага ата-энемден калган. Өзүм да катуу ооруп калганда атам ушул баканын жардамы менен айыктырган. Бейтаптар бири-биринен угуп келе беришет», - деди М.Ахмедова.

Ал белгилегендей, бака кармоо оңой эмес. Ал кашка баканы бир адамды дарылоого пайдалангандан кийин сууга коё берет, экинчи жолу пайдаланбайт. Бакаларга балыктын жемдерин, күрүч берип турат. Эгер кашка бака калбай калса өзүнүн күрүч эккен талаасына барып алып келет. Себеби, күрүч эккен жерлерде кашка бака көп болот, алардын жашоочу жерлерин да билет.

Көп сандагы бака кармоону туура көрбөйт, элге пайдалуу болсун деп бат-баттан алып келип турат. Ага кээде кыз-келиндер жыныс оорулары менен да кайрылышат. Ал бейтаптарды УЗИ текшергенден кийинки жыйынтык менен гана кабыл алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×