Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.01.2017 13:18

Айыл турмушу: Эки кесиптин ээси З.Шайымкулова өзгөчө түймөлөрүн сатуу менен кызын жогорку билимдүү кылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Замира Шайымкулова 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Эки дипломдун ээси З.Шайымкулова мугалим жана эсепчи адистиги боюнча билим алган. Бирок, маянанын аздыгы жана башка жеке себептерден улам өз кесиби менен иштебей, кийим түйүүгө өткөн. Учурда атайын чакан орун алып, түйгөн кийимдерин сатып жатат. Ал көбүнчө баш кийимдерди түйөт. Аялдардын көбү үй шартында байпактарды түйгөндүктөн көп сатыла бербейт.

«Баш кийимдерди өзгөчөлөнтүп түйгөндүктөн кардарлар көп алат. Баш кийимдерди түрлөнтүп жасоого аракет жасайм. Өзгөчө болбосо эл албай коет. Быйыл кышкысын түйгөн буюмдарым жакшы эле өтүп жатат», - дейт ал.

Анын айтымында, айрым учурда түйгөн буюмдарын кыдырып сатат. Мындай учурда буюмдары жакшы өтөт. Тапкан акчасын күнүмдүк тамак-ашына жумшайт. Ал баш кийим, жүн байпак түйүп, шырдак жасап сатуу менен кызын жогорку билимдүү кылганын кошумчалады.

«Кийим түйгөндө беш манжа тең тынымсыз кыймылга келет. Бул абал чуркаганга барабар экен, ичегилериң да кыймылда болот. Бул иш ден соолукка да пайдалуу. Кышында суук эле болбосо жасаган жумушумдун кыйынчылыгы деле жок», - деди З.Шайымкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×