Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.11.2016 13:01

Айыл турмушу: 5 улуттун өкүлүнөн куралган Жалал-Абаддагы үй-бүлөнүн кызыктуу жашоосу (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы көп улуттуу жана ынтымактуу үй-бүлөлөрдүн катарын Г.Маразыковдордун үй-бүлөсү толуктайт.

Нарындан келип, Жалал-Абаддын шартына көнө албай, кайын журтунда өзбек тилин жакшы түшүнбөй кыйналып жүрүп, кызыктуу жана кыйын күндөрдү башынан өткөргөн Гуля Маразыкова учурда бактылуу кайнене. Ал келин болуп келгендеги кызыктуу окуялар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Г.Маразыкованын айтымында, анын үй-бүлөсү дагы кыргыз, татар, уйгур улуту аралашкан үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт.

57

Ал Нарында төрөлүп, ошол жакта өскөн. Мектепти дагы ошол жерден бүтүргөн. Өзүнөн улуу эжеси Жалал-Абадга турмушка чыккандыктан, эжеси сиңдисин шерик кылуу үчүн чакырган.

Ошентип эжесинин суранычы менен мектепти бүткөндөн кийин 1975-жылы Жалал-Абад шаарына келип, педагогикалык окуу жайга тапшырган. Алгач бул аймактын шартына, элдин каада-салтына көнгөн эмес.

Ал: «Жалал-Абадда калбайм, Нарынга кетем», - деп эжесинин тынчын алып, Жалал-Абад—Нарын каттамындагы учакка билет алууга камданат. Бирок, жездеси менен эжеси аны көндүрүп, ал мындай оюнан кайткан. Ошол учурда эки абысын сүйлөшүп отуруп, бири кайнисине кыз издеп жатканын айтса, экинчиси жеңесинин Гуля деген сиңдиси бар экенин сөз кылышкан. Ошентип алар түгөйлөрдү тааныштырышкан.

Жолдошу кыргызча салт менен той өткөрүп, экөө баш кошкон. Ал өзбек тилин такыр түшүнбөгөндүктөн келин болуп келгенде абдан кыйналгандыгын айтат.

53

«Бир күнү үйгө кайнатамдын жолдоштору келип калды. Сыртта тапчанда отурушкан. Кайнатам "келин, ликап (кыргызча табак) алып келип бер" деп айтты. Мен өзбекче түшүнбөгөндүктөн чараны көтөрүп бардым. Кайнатам "мен ликап дедим" деп кайра узатып койду. Түшүнбөгөндүктөн ыйлап алдым. Жолдошум келип калып ага жагдайды түшүндүрсөм күлүп, табакты колума карматты», - деп эскерди келин болуп келгендеги учурун.

Ошондой эле, ал кайненеси "эми короо шыпыргыч болосуң" десе капа болуп эжесине айтканда, ал келиндер жасай турган жумуштун барын айтып берген.

«Таңкы саат төрттөрдө эле кайненем туруп, эшикке суу сеп калчу. Уялганымдан тура калып, эшиктин алдын шыпырып кирчүмүн. Кайненем кирип кеткенден кийин аябай коркчумун. Себеби, кайнатамдар дача тарапта тургандыктан үйдөн ары бак, анан мазар бар болчу. Бирок, кайын журтум түшүнүү менен мамиле жасагандыктан мен бүлө болуп кеттим», - дейт ал.

59

Анын айтымында, кайненеси украин болгондуктан үйдө украин, өзбек, кыргыз, уйгур, татар элинин улуттук даамдары көп жасалат. Ал учурда тамактын миңден ашуун түрүн жасайт. Жолдошу экөө үч балалуу болушкан. Жолдошу милиция кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Туң уулу кыргыз кызына баш кошкон. Кызын да кыргыз үй-бүлөгө турмушка беришкен. Ал эми кичүү уулу үйлөнө элек.

«Көп улуттуу үй-бүлө болгондун көп жакшы жактары бар. Ар улуттун тамак-аштары жасалат, ар тараптуу маданияттуулук өсөт. Балдарым китеп окуганды жакшы көрүшөт. Ал эми неберелерим үч тилде сүйлөшөт», - дейт Гуля Маразыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×