Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.10.2016 18:24

Айыл турмушу: Подполковниктин жубайы У.Кадырова 9 жылдан бери баспай калганына карабай тигүүчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 70 жаштагы тургуну Уулкан Кадырова муун ооруларынан улам баспай калганына карабастан курак курап, түрдүү жер төшөктөрдү жасайт.

У.Кадырова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, 9 жылдан бери үйдө отурат. Ал учурунда мугалимдик кесипти аркалап, балдардын билим алуусуна салым кошуп, сүйүктүү мугалим болгон.

Жолдошу ОИИБдин ардагери, милициянын подполковниги Бегматов Тыныбек экөө турмуш курганына быйыл 45 жыл болду. Экөө 2 уул, 1 кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришти.

Ал жаш кезинен тигүүчүлүккө кызыгып, жакындарына түрдүү кийимдерди тигип берчү. Баспай калганда ооруга баш ийбей, оюу салынган жер төшөктөрдү жасап, курак курай баштаган.

«Оорудум деп жата берсең жаман ойлор баса берет экен. Өз алдымча кызыгып үйрөнгөн тигүүчүлүк менен алпурушуп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калам. Кызыма атайын 12 даана жөлөнгүч курадым, кызым сүйүнүп калды. Ооруганда эс алып, бош убактымда шашпай иштегеним үчүн туугандарым: "көңүл коюп тигип бересиз" дешип, буюртма берип турушат. Тиккен акыма бир аз акча түшүп калат, кээде дары-дармекке жарайт. Тигүүчүлүк менен алек болгонум балдарыма да кубат бергенсийт. Кыймылда болуп турсам балдарым сүйүнүп калышат», - дейт У.Кадырова. 

63

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×