Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.08.2016 09:44

Айыл турмушу: 22 жаштагы уста Б.Кожомкулов айына 2 миң доллар киреше табат (фото)

Turmush -  Жалал-абаддык 22 жаштагы уста Бексултан Кожомкулов айына 1000-2000 долларга чейин киреше табат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, курулуш тармагында бала кезинен бери иштеп келет.

«Мен пайдубал куйгандан баштап ачкыч тапшырууга чейинки жумуштарды жасайм. Жасаган эмгек акым жумуштун оордугуна жараша болот. Болжол менен айына 1000-2000 долларга чейин киреше табам. Шыптын метрин 1600 сомдон жасайм.

Билим алууга шарт болбой, теория жок болсо да, тажрыйба абдан көп. Келечекте курулуш ишканасын ачсам деген тилегим бар», - деди ал.

Келинчеги ага кам көрүп тураарын кошумчалады.

«Келинчегим экөөбүз бактылуу, ден соолугу бекем, бай үй-бүлө болсок дейбиз. Келинчегим мага кам көрүп турат. Ар дайым мен иштеген жериме тамак-аш бышырып алып келип, менин курсагымды тойгузуп кетет», -деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×