Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.07.2016 10:54

Кыз узатуу: Жалал-Абад шаарында күйөө жолдоштор менен жеңелердин тамашалуу ыры өзгөчөлөндү (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абадда облустук деңгээлде өтүп жаткан кыз узатуу сынагы Жалал-Абад шаарында да кызуу белгиленди. Аталган сынакка утурлай шаар бийлиги жана шаардык мекеме-ишканалар тарабынан 4 боз үй тигилип, дасторконго түрдүү тамак-аштар коюлду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мындагы кыз узатуу башка райондордон күйөө жолдоштор менен кыздын жеңелеринин тамаша иретиндеги «Желпилде» ырын аткарганы менен өзгөчөлөндү. Ошондой эле, куда түшүү, кемпир өлдү, кошок айтуу, жар көрүштүрүү сыяктуу бир катар жөрөлгөлөр көрсөтүлүп, топ таш, жоолук салмай, алтын шакек, чүкө, эр эңиш, аркан тартуу оюндары ойнолду.

Кыз узатуу каадасын жандандыруу жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү максатын көздөгөн долбоор өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана жергиликтүү канал тарабынан уюштурулуп жатат.

Өкүлчүлүк кыз узатуу сынагына 230 миң сом бөлгөн.

Кыз узатуу: 6 жылдан бери кыз куумайга түшпөгөн Дилноза жигитке жеткирген жок (фото, видео)

Кыз узатуу: Сузактыктар 4 боз үй тигип, өзгөчө жасалгаланды (фото)

Кыз узатуу: Базар-Коргондо кыздын жүгүн жүктөп кетүү үчүн төө жетелеп келишти (фото)

Кыз узатуу: Ноокендик түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өзгөчө өтүп, 500 адам күбө боду (фото, видео)

Видео - Кыз узатуу салтындагы кошок айтуу жөрөлгөсү

Кыз узатуу: Ала-Букада илгерки жыгач буюмдар колдонулуп, мергенчинин тамагы жасалды (фото)

Кыз узатуу: Ала-Букада 19-кылымдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты көрсөтүлдү (фото, видео)

Чаткалда көрсөтүлгөн кыз узатуу салтындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү (фото, видео)

Чаткалда жүз ачуу, жеңетай, чач өрүү, куржун салуу салты менен кыз узатылып, ат оюндар менен коштолду (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×