Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.07.2016 17:27

Жалал-Абаддын өнөрпоздору таймашат

Turmush -  Эртең, 9-июлда Жалал-Абадда «Мекеним менин — Кыргызстан» маданий иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата шаардык мэрия тарабынан уюштурулууда. Саамалыкта элдик өнөрдү, улуттук каада-салтты сыйлаган өнөрпоздордун ыр-бий, тамашалары көрсөтүлөт. Шаардык маданият үйүнүн директору Кубанычбек Курманалиевдин билдирүүсүнө караганда, унутулуп бара жаткан элдик ырлар аткарылып, каада-салттар көрсөтүлөт.

«Ага атайын ырчы, артисттер эмес, Жалал-Абад шаарынын 5 аймактык башкаруусунда жашаган таланттар катышат. Анда мекен, Кыргызстан тууралуу жаңы ырлар аткарылат. Азыркы кезде ысырапчылык менен белгиленип жаткан "аза көйнөгүн чечүү же ак кийгизүү" каадасы тууралуу дагы тамашалуу сахналаштырылган көрүнүштөр даярдалып жатат. Бий тамашаларга дагы орун берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×