Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.06.2016 12:46

Айыл турмушу: Жалал-абаддык мугалим К.Смадияров күнүнө 8-10 чакырымды жөө кыдырып чыгат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Канат Смадияров күнүгө кечке маал 8-10 чакырым жол басып, Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүн бир сыйра кыдырып чыгат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, шаардын көчөлөрүн кыдырып чыгууну көп жылдан бери адатка айландырып алган. Түнкү таза абада жөө басуунун ден соолук үчүн чоң пайдасы чоң.

Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттерге англис тили жана адабияты боюнча сабак берет. Ал илимий адабияттарды көп окуйт.

Өмүрлүк жубайы Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда врач-терапевт болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×