Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.05.2016 12:24

Айыл турмушу: 47 жыл мектепте иштеген 90 жаштагы жалал-абаддык аксакал сыныктарды өз ыкмасы менен айыктырат (фото)

Turmush -  Сузак районундагы Сары-Булак айылында жашаган 90 жаштагы Тилеш Энназаров 47 жыл бою башталгыч класстардын мугалими болуп бир нече мектептерде эмгектенди. Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 1942-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайды бүтүргөн.

Учурда карыя гезиттерди, китептерди көз айнексиз окуйт, баскан-турганы тың жана акыл-эси курч. Карыя өз ыкмасы менен сынган, чыккан колду, бутту, далы сөөктөрдү ордуна салып, сынган сөөккө шак-шак коюп, айыктырат.

Мындай касиетин ал небере-чөбөрөлөрүнө үйрөтсөм деген тилеги бар. Карыянын байбичеси да кезегинде мектепте иштеп, 79 жаш курагында дүйнө салган.

Тилеш Энназаров аксакалдын 3 уул, 2 кызы бар. Алардан карыя 32 небере менен 47 чөбүрө көрдү.

Тилеш карыя азыр жаңы китеп чыгаруунун аракетин көрүүдө. Мурда анын «Дүмүрдүн урпактары» китеби Ош шаарындагы басмаканадан жарык көргөн.

Ал согуш маалында оорукта иштеген ардагер катары Сузак райондук администрациясы 9-майда көрсөткөн сый-урматты айтып олтуруп, райондо 50дөн ашык ооруктун ардагери калгандыгын кошумчалады.

Ал эч кимдин жардамысыз, шаардын көчөлөрүн жөө аралап, эс алып жүрөт. Уул-кыздарынын баары жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, балалуу болушкан.

34

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×