Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.04.2016 14:42

Жалал-Абадда «Кыргызстан балдары тынчтык үчүн» фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад шаарында «Ариет» балдар чыгармачылык борбору тарабынан аталган борбордун 20 жылдыгына арналган «Кыргызстан балдары тынчтык үчүн» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган борбордун жетекчиси Жыпара Аманкулова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара Тарых жана маданият жылына арналды.

«Мындай фестивалды биз төрт жылдан бери өткөрүп келебиз. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө жаш муундарыбыздын салымы чоң. Фестиваль ыр, бий жана кол өнөрчүлүк боюнча үч түрдө өткөрүлүп жатат. Фестивалдын алдыңкы орундарын ээлеген мыкты таланттуулар "Ысык-Көл досторун чакырат" эл аралык фестивалына жолдомо алышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×