Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.04.2016 10:05

Жалал-Абад облустук театры менен Баткен облустук театры таймашты (фото)

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен театр ишмерлери союзу тарабынан кезектеги театрлар таймашы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жолу Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры менен Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театры таймашкан. Таймаштын жыйынтыгында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры 2 упай алдыга озуп, жеңишке ээ болду.

Барпы атындагы кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызынын айтымында, 2 театрдын командалары Токтоболот Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» драмасын, Жаныш Кулмамбетовдун «О-о, улуу алитэрасу Антигону сакта» трагедиясын, Пьер Бумаршенин «Фигаронун үйлөнүшү» комедиясын аткарышты.

«Тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы менен калыстар тобу жеңүүчүнү аныктады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×