Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.04.2016 18:07

Жалал-Абадда «Жаныбек казы» тарыхый драмасынын бет ачары өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драм театрында акын-жазуучу Эрнис Турсуновдун «Жаныбек казы» тарыхый драмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу драманын режиссеру Талант Апыев билдирди.

Анын айтымында, чыгарманы сахналаштырып алып чыгууга эки ай убакыт жумшалды.

«Барпы театрында жалпысынан 20 актер бар. Ошондуктан ар бир актер эки-үч кишинин ролун аткарууга туура келди», - деди ал.

«Жаныбек казы» драмасынын бет ачарына Бишкек, Ош шаарларынан коноктор келишти. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы мекемелердин кызматкерлери, студенттер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×