Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.04.2016 12:18

Жалал-Абадда улуттар аралык достукту бекемдөө максатындагы фестиваль өттү

Turmush -  Жалал-Абад облустук «Түрк-Ата» коому тарабынан кечээ, 5-апрелде «Ырдайлы кыргыз ырларын» ыр-бий фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган коомдун жетекчиси Бекжан Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, аталган коом 1994-жылы Сузак райондук депутаттар кеңешинин колдоосу менен түзүлгөн.

«Тарых жана маданият жылына карата ушул иш-чараны уюштурдук. Кыргызстанда 80ге жакын улуттар жашайт. Кыргызстан бизге бардык шарттарды түзүп бергенден кийин биз да кыргыз тилин, элин, жерин сыйлап, көңүл бөлсөк деген максатта ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Тилибиз, маданиятыбыз бөлөк болгону менен бир өлкөдө жашап жатабыз. Демек, биз бир тууганбыз. Учурда биздин коомдо Жалал-Абад облусу боюнча 10 миңге жакын өкүл бар», - дейт Б.Ташболотов.

Фестивалда Жалал-Абад облусунун аймактарынан келген талант ээлери ырдап, бийледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×