Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2016 10:47

Айыл турмушу: 77 жаштагы А.Таштановдун 7 балалуу үй-бүлөсү Жалал-Абадда күзөтчүнүн бөлмөсүндө жашайт (фото)

Turmush -  Жети жыл мурун Ала-Бука районунан Жалал-Абад шаарына көчүп келген 77 жаштагы аксакал Абдималик Таштанов балдары менен күзөтчүгө ылайыкташкан бир адамдык бөлмөдө жашайт. А.Таштанов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын жубайы жана 7 баласы бар. Балдарынын үчөө мектепте окуйт.

Мэрия турак жай алууга кезекке тургандардын саны өтө көп экендигин билдирген.

«Үй куруп алыңыз деп берген жерге турак жай куруу мүмкүн эмес, анткени ал жерде анын айланасындагы мекеме менен башка имараттарды электр тогу менен камсыз кылган кубаттуу трансформатор коюлган. Трансформатор турган жерде кантип үй курууга болсун?», - дейт А.Таштанов карыя.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×