Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2016 13:19

Айыл турмушу: Сахалинде иштеп келген кара-көлдүк С.Самаганов 1,5 млн сомго 2 кабаттуу үй курду (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Сейит Самаганов 1,5 млн сомго турак үй курду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. С.Самагановдун айтымында, ал бир туугандардын кенжеси болгондуктан апасы менен бирге жашайт.

«Заманбап шарттагы үй жер титирөөгө жана өрт кырсыгына туруштук берет. Жөнөкөй түзүлүштөгү үйдү кыска мөөнөттө куруп, каражатты да үнөмдөcө болот», - дейт ал.

Ал орто мектепти аяктаган соң, Москва, Сахалин өңдүү шаарларда курулуш тармагында 2003-жылдан бери иштеп келген.Тапкан каражатына быйыл үй куруп бүттү.

«Курулушта иштеп жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Үйдү кантип туура, өз эрежеси менен курууну өздөштүрдүм. Бул үйүмдү 2012-жылы куруп баштагам. Эгер акча каражат жетиштүү болсо 3 айда куруп бүтүрсө болот. Мен чет жерде иштеп жүрүп, 3 айда бүтүрө турган курулушту 2 жылда бүтүрдүм», - дейт ал.

Үйдүн 2-кабатында 4 уктоочу бөлмө болсо, 1-кабатында 4 бөлмө жана даараткана жайгашкан. С.Самаганов үй-бүлөлүү, 2 уулу бар.

А 1

А 2

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×