Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.02.2016 08:00

Айыл турмушу: Ооган согушунун ардагери З.Ажыкулов легендарлуу 9-ротада кызмат өтөгөн (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы 1-Май айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы тургуну Зиябидин Ажыкулов Ооган согушунун ардагери, биз кинодон көрүп жүргөн легендарлуу 9-ротада 1981-1983-жылдар аралыгында аскердик кызматын өтөгөн. Бул тууралуу ардагер Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Ал 9-ротага кандайча кошулуп, аскердик кызмат өтөгөнүн баяндап берди.

«1981-жылдын апрель айында Ала-Букадан 15 жоокер аскерге аттанып, Ош аркылуу Түркмөнстандын Кушка деген аскердик даярдоо бөлүгүнө бардык. Эки ай бою бизге душманга каршы согушуунун түрдү ыкмаларын үйрөтүштү.

Аскердик ант берген соң бизди Афганистандын Синзант аймагына алып барып, бөлүштүрүштү. Айылдан аскерге бирге келген досторум башка бөлүктөргө бөлүнүп кетишти. Алардан жалгыз мен гана 361-полктун 3-батольонундагы 9-ротага пулемётчу болуп бөлүндүм.

Биздин 9-ротага тандалма жоокерлер алынгандыктан көбүнчө татаал аскердик тапшырмалар жүктөлчү. Бир күнү биздин рота атайын тапшырманын негизинде жыйырма чактуу жоокер душмандын курал ташып бараткан техникаларын жок кылуу үчүн унаа жолуна буктурма коюп, душмандын унааларын күтүп отурдук. Таңга маал биз күткөн душмандын үч техникасы келип, биздин буктурмага кабылышты. Ок атышуу бир сааттай созулду. Мен пулемётчу болгондуктан эски тамдын үстүнөн орун алган элем. Мен тынымсыз пулемёттон ок чыгарып жатып, душмандын алдыңкы техникасын өрттөп жибердим. Мени көргөн душмандар бутага мени ала башташты. Бир маалда жер жарылып, түшүп кеткендей болдум. Бир убакыттан соң эсиме келсем топурактын ичинде көмүлүп жатам. Көрсө мени душмандар гранатамед менен аткан экен.

Топурактан суурулуп чыксам ок атышуу токтоп, душмандын техникалары талкаланыптыр. Жаракат алган душмандардын онтогон үндөрү угулуп жатты. Кызыгы биздин жоокерлердин бири да каза болбой, жаракат да албаптыр. Муну билген генералдар таң калышып, тапшырманы жакшы аткарганыбыз үчүн бизди сыйлыктарга көрсөтүштү. 9-рота деген кинодогу айрым эпизоддор бизде болгон.

Маселен биздин взвод стратегиялык унаа жолуна блок тосмо коюп, күзөтүп жатканбыз. Таңга маал бизге көп душмандар кол салды. Салгылашууда душмандын мизин кайтарып, бир взоддон 11 гана жоокер калганбыз. Бирге кызмат кылган жоокерлерден көбү курман болсо, айрымдары дайынсыз жоголуп кетишти

Согуш жаман нерсе, ар дайым тынчтык болушун каалайм», - деди интернационал жоокер З.Ажыкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×