Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.02.2016 15:05

Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын театралдык фестивалы жыйынтыкталды (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында мектеп окуучуларынын театралдык фестивалы 13-февралда жыйынтыгын чыгарды.

Калыстар тобунун чечими менен «Үркүн» спектаклин көрсөткөн Жалал-Абад шаарынын №10 орто мектебинин окуучулары жана «Атам келсе...» спектаклин койгон №9 мектеп-гимназиянын өнөрпоз окуучулары окуучулардын облустук театралдык фестивалына катышууга жолдомо алышты.

«Ариет» балдар борборунун директору Жыпар Аманкулованын театрда жарыялаганы боюнча, Айжамал Тарыхчиеванын «Күнөстүү наристе» спектаклин даярдап, сахнага алып чыккан №5 мектеп-гимназиянын таланттуу тобу 96 упай топтоо менен фестивалда 1-орунга чыгышты.

Ал эми шаардын №4, №6 орто мектептеринин окуучулары 2-орунду, №1 мектеп-гимназия менен №18, №19 орто мектептин чыгармачыл окуучулары 3-орунду ээлешти.

Калыстар тобунун мүчөлөрү: шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Асылбекова жана Барпы театрынын алдындагы куурчак театрдын башчысы Чынар Чотурова, «Ариет» борборунун директору Жыпар Аманкулова окуучулардын ар бир чыгармаларын талдап, ыр-бийди, спектаклди аткаруудагы ийгилик-кемчиликтерине токтолушту. 

109

108

110

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×