Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.12.2015 14:55

Жалал-Абадда окуучуларга драматург Ж.Осмоновдун «Ызылдак» спектакли көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында драматург Жумабек Осмоновдун «Ызылдак» аталышындагы балдарга арналган жомогунун негизинде жаралган спектакль мектеп окуучуларына көрсөтүлдү. Бул тууралуу театрдын режиссёру Назгүл Мырзаканова билдирди.

Анын айтымында, бул жомок атайын жеткинчектерге арналып, достук, ынтымак, биримдик болсо бардык кыйынчылыкты жеңип, жеңишке жетишсе болот деген тарбиялуу, маанилүү спектаклди атайын балдардын тарбиясы, ойлоосу, биримдиги, достугу чыңдалуусу үчүн 12 жашка чейинки мектеп окуучуларына коюлууда.

«Жомок жеңил, кыймыл аракети көбүрөөк болуп, балдардын психологиясына ылайыкталып даярдалган. Спектаклдин ачылышы бүгүн болду. Окуучуларга спектакль көрсөтүүнү улантуу пландалууда», - дейт Н.Мырзаканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×