Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.12.2015 12:39

Жалал-Абадда «Кыргыз эркектери зомбулукка каршы» деген темада жолугушуулар өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун жер-жерлеринде, окуу жайларда «Тең укуктуулук жана мүмкүнчүлүктөр» коомдук уюму «Кыргыз эркектери зомбулукка каршы» деген темада жолугушууларды өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, жолугушууларга милиция кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр жана жигиттер, студенттер катышты.

Анын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жубайлардын келишпестиктери, үй-бүлөлүк үстөмдүктүн гендердик мүнөзү, айыл-кыштактарда жана өлкө аймактарында болуп жаткан зомбулуктардын өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер талкууланды.

Тегерек столго катышкан эркектер күн тартибинде коюлган суроолор боюнча өз ой-пикирлерин айтышты. Үй-бүлөлүк үстөмдүктөрдү болтурбоо үчүн милиция кызматкерлерине бардык жарандар, айрыкча уруш-талаш жана ызы-чуу көп чыккан үй-бүлөлөр менен тыгыз иштөөнү сунуш кылышты.

Алар айыл-кыштактарда чатакташкан үй-бүлөлөр бар экендигин мисал келтиришти. Үй-бүлөлүк чырды айыл аксакалдарынын, кошуна-колоңдордун жардамы менен жакшылыкка айланткан окуялар да далил катары айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×