Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.12.2015 12:26

«Жалал-Абад тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы техника менен камсыздалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын бийлиги «Жалал-Абад тазалык» муниципалдык ишканасына шаардын тазалыгы үчүн таштанды жүктөөчү заманбап жаңы техника тапшырышты.

Жаңы техниканы тапшыруу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер катышты.

Мэр аталган мекемеге техниканын ачкычын тапшырып, мындан ары алардын иши кыйла жеңил боло тургандыгын белгиледи.

«Жалал-Абад тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, ишканада техниканын жетишсиздигинен улам жаңы техника менен толуктоо маселеси шаардык кеңеште каралган.

«Анын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми «Жалал-Абад тазалык» ишканасынын атайын каражатынын эсебинен 1 миллион 80 миң сом кошумча каралган. Ушул жылдын ноябрь айында тендер өткөрүлүп, «Автомаш-Радиатор» ЖЧК ишканасы жеңип алды. Ошонун негизинде бүгүн бизге «МТЗ-82,1» үлгүсүндөгү техника берилди», - деди Т.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×