Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.12.2015 16:02

Жалал-Абадда карылар жашаган үй-бүлөлөргө юридикалык жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында, Сузак, Аксы жана Ала-Бука райондорунун айылдарында жашаган кары-картаң адамы бар үй-бүлөлөргө юридикалык жана психологиялык жактан кеңеш берүү боюнча семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу «Каниет» кризистик борборунун жетекчиси Мимоза Нуракова билдирди.

Анын айтымында, семинарды Бишкектеги «Хельпейж» уюмунун кызматкерлери менен шаардагы «Каниет» кризистик борборунун юрист-психолог кызматкерлери өткөрүштү.

Ага Ала-Бука, Аксы, Сузак райондорунан он айыл аймактын башчылары катышты. Сузак районунан 6 айыл аймак, Аксы менен Ала Бука райондорунун ар биринен экиден айыл аймак «Хельпейж» уюмунун пилоттук долбооруна кошулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×