Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.12.2015 14:34

Жалал-Абадда коррупцияга каршы күрөштө жарандардын активдүүлүгү күчөдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандардын активдүүлүгү жогорулап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясында өткөн тегерек столдо айтылды.

Облустук прокуратура жана УКМКнын облустагы башкармалыгы ачкан коомдук кабылдамага акыркы 2 жылдын 10 айында жарандардан 700дөн ашуун арыздар келип түшкөн.

Тегерек столдо шаар прокурорунун жардамчысы Мируслав Укушевдин айтымында, аталган прокуратура тарабынан 2014-жылы коррупцияга каршы 30 текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында, 6 кылмыш иши козголуп, 62 жаранга тартип чаралары көрүлгөн. Ал эми быйылкы жылы 11 айдын ичинде 31 текшерүү жүргүзүлүп, 5 кылмыш иши козголуп, 11 жаранга тартип чаралары көрүлгөн.

«Жалал-Абадда коррупциянын саны жылдагыга салыштырмалуу азаюуда. Шаардагы коомдук кабылдамага арыз-муңу бар жарандар кайрылса, биз сөзсүз түрдө жардам көрсөтөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×