Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.12.2015 12:24

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абадда башталган марафон 20-декабрга чейин улантылат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгынын тургундары Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 42 миң 520 сом топтошту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Т.Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, аймактык башкармалыкка караган жети айылдын аксакалдары өздөрү демилге көтөрүп, жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында марафон уюштурган.

«Бүгүнкү күндө айыл элинен жалпы 42 миң 520 сом акча каражаты топтолду. Бул иш 20-декабрга чейин улантылмакчы. Аяктаганда жабыркагандардан кабар алып, аксакалдардын катышуусунда тургундарга тапшырылат», - деди Т.Эгембердиев.

Тема боюнча: Бүгүн Ош облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды (фото)

Оштогу жер титирөөдөн 3,3 миң үй жана 115 социалдык объект жабыркады, - ӨКМ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×