Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.12.2015 09:25

Жалал-Абадда студенттер арасында коррупцияны ашкерелөө боюнча сынак өткөрүлөт

Turmush -  Жалал-Абад облустук прокуратурасынын демилгеси менен 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун аймагындагы жогорку жана орто окуу жайларынын юридика факультеттеринин студенттеринин арасында «Мыйзамдуулукту даңазалоо, коррупцияны ашкерелөө» темасында эссе, дил баян жазуу боюнча сынак өткөрүлөт.

Облустук прокуратурадан алынган маалыматка караганда, аталган сынактын Жобосу бекитилген. Бүгүн, 9-декабрда «Эң мыкты автордук ыкма», «Эң мыкты патриоттуулук ой», «Эң мыкты өзгөчөлөнгөн жаңычыл ой жүгүртүү» номинациялары боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө диплом жана сыйлыктар берилет.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты бүгүн, 9-декабрда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын имаратында өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×