Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.12.2015 18:51

Жалал-Абадда окуучулардын тамактануусу боюнча 15 мектеп пилоттук долбоорго кирет

Turmush -  Жалал-Абад облусу боюнча кийинки жаңы окуу жылында 15 мектеп окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча пилоттук долбоорго кирет, анын бирөөсү Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мектептерден болот. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын түштүк аймагындагы өкүлү Мира Назарова билдирди.

Анын айтымында, учурда облус боюнча 49 мектеп пилоттук мектепке кирип, бардыгында 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга бир жумада 3 жолудан ысык тамак берилүүдө.

Кийинки окуу жылына мындай долбоорго 15 мектеп киргизилсе, анын бирөөсү Жалал-Абад шаарынын аймагынан болот. Демек, ал мектептен башка мектептер өрнөк алып, алардын да бул пилоттук долбоорго кирүүсүнө аракеттер көрүлөт.

«Пилоттук мектепке кирүү үчүн мектеп жетекчилери өздөрү аракеттерди жасап, кайрылуу керек. Мектептин ашканасы тийиштүү шарттарга жооп берүүсү зарыл. Суу чыгып, суу кетүүчү түтүкчөлөр, балдар үчүн кол жуучу жайдын болуусу шарт. Ошону менен бирге ата-энелердин макулдугу да керек. Анткени, алардан кошумча жардамдар берилип турушу керек. Ал эми тамак-аштарды атайын рецептин негизинде окутуудан өткөн ашпозчулар даярдашат», - дейт М.Назарова.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча жалпы 261 мектеп пилоттук долбоорго кирген, дагы 100 мектепти долбоорго кошуу планда бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×