Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.12.2015 12:16

Жалал-Абад облустук клиникасына оор абалдагы бейтаптарды ташуучу заманбап унаа тапшырылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына оор абалдагы бейтаптарды ташуу үчүн бардык медициналык жабдыктар менен жабдылган автоунаа Түркиядан алынып келди. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Абдиманап Кулбаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, алыскы аймактардагы оор абалдагы бейтаптарды наркоз учурунда алып келүү кыйынга турчу.

«Жаңы унаанын ичинде медициналык жабдыктар, наркоздук аппараттар, кислороддук дем алуучу аппараттар жайгашкан. Бул унаа менен эми райондордогу оор абалдагы жарандарды алып келе алабыз», - дейт А.Кулбаев.

Мэр кошумчалагандай, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына диогностикалык борбор курулуп, февраль айында томография, маммография, узи, рентген ачылат.

«Пенсионерлерге, колунда жокторго жеңилдиктер берилет жана облустун калкы үчүн шарттар түзүлөт. Бул аппараттар саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевдин аракети менен Түркиядан инвестиция аркылуу алынып келди», - деди мэр С.Авазов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×