Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.12.2015 10:26

Фото - Сириядагы согушка катышкан деп кармалган жалал-абаддык эки жигиттин ата-энеси окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  УКМК тарабынан Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан деген шек менен Жалал-Абад шаарынын тургундары Шухратбек Иминов жана Минажидин Ханазаров кармалган. Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Ал эми эки жарандын ата-энелери балдары Сирияга барбаганын айтышууда.

Сириядагы согуштук аракеттерге катышты делген атуулдун бири Ш.Иминовдун атасы Улукбек Иминовдун айтымында, уулу Сирияга барган эмес жана ал Түркияга иштөө үчүн кеткен.

44

«Былтыркы жылдын 29-октябрында балам кошунам менен Түркияга бут кийим чыгаруучу фабрикада иштөө үчүн кеткен. Ага чейин маянасы 750 доллар деп айтылган болчу. Баргандан кийин балам андай эмес экен деп бизге телефон чалды. Ал бут кийим чыгара турган фабрика сезону менен иштегендиктен, башка жумушка барышкан. Ал жерде айлык 500 доллар болгону менен баары кымбат экен дешип, 3-ноябрда бизге байланышып, «Мен Москвага кетем, бул жерде баары кымбат экен, 7-ноябрга билет алдым» - деди. 7-ноябрда Москвага барып, «Райхан» деген кафеде, андан башка жайларда да иштеди. 3 ай иштегенден кийин 2015-жылдын 8-январында кайра Кыргызстанга учуп келди. Оштон аэропорттон өзүм күтүп алдым. 4 айдан кийин 14-апрелде УКМКнын балдары кармап кетишти. Мен баламдын Сирияга барганына ишенбейм, ал Стамбулга жумушка барып, кайра Москвага кайтып келген», - дейт У.Иминов.

41

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун өкүлү Абдуназар Маматисламов УКМК Сирияда жүргөн деп күнөөлөп жаткан күндөрү кармалган балдар Стамбулда сүрөттөргө түшүп, сүрөттөрүн интернеттеги социалдык желелерге жүктөгөнүн айтууда.

«Балдардын кармалышы бүдөмүк ой жаратууда. УКМК кызматкерлери Миножидин Ханназаровду 13-апрелде кармаган болсо, Шухратбекти 14-апрелде кармап жатышат. Бирөөсүнүн кармалганына эки күн, бирөөсүнө бир күн болгондон кийин 15-апрелде катталып жатат. Балдар аларды ур-токмокко алышкандыктан көрсөтмө беришкендигин айтышууда. Балдар башында жактоочуга ишенбестен айтышкан эмес, эми айта баштадык деп жатышат. Мен балдардын ата-энелери интернеттеги социалдык желелерине жүктөлгөн сүрөттөрдү көрсөткөндөн кийин аларга ишенип калдым. УКМК Сирияда жүргөн деп күнөөлөп жаткан күндөрү алар Стамбулда сүрөттөргө түшүп, социалдык желелерге жүктөп жатышат. Интернет желесине жүктөлгөн сүрөттөрдүн датасы, коюлган сааттары мүнөттөрүнөн бери көрсөтүлүп турат. Балдар сүрөткө түшкөн заңгыраган имараттарга камера коюлган, ошол күндөрдө сүрөткө түшкөн түшпөгөнү далилдениш үчүн кат жолдошуп, жазылып калган видеолорду алдырса балдардын айткандары далилденмек. Менин оюмча Сирияда согушуп жаткандар барган адамдарга бир апта ичинде курал кармата койбосо керек. Баргандан кийин документтерин алып коюп жатышкандыгын угуп жатабыз, булардын документтери жанында жүрөт. Иш Жалал-Абад шаардык сотто каралып жатат. Бул ишти караган биринчи сот сүрөттөрдү четке каккандыктан биз ишенбөөчүлүк келтирип, жазган катыбыз канааттандырылып, ишти экинчи сот карай турган болду», - деп билдирди ал.

40Маалыматка ылайык, ысымы аталган эки жаранга 15-апрель күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

УКМКнын кызматы тарабынан аныкталган маалыматка караганда, 2014-жылдын 29-октябрында Ш.Иминов, М.Ханназаров жана Алишер Балтабаев болуп Ош-Бишкек-Стамбул каттамы менен Түркия мамлекетине кетишкен. Аларды Стамбул шаарынан эски таанышы Аброр күтүп алып, Сирияга барып жихад кылыш керек деп үгүттөп, аларга айына 2000 доллар акча бериле турганын айткан.

42

Аброр аркылуу алар Сириянын Алеппо шаарына, андан кийин Идлиб шаарына барып, террористик уюмдардын базасында машыгып, атайын даярдыктан өтүп келишкен.

Кыргызстанга жихадка катыша турган жарандарды Сирияга жалдоо максатында жиберилген. Алар келгенден кийин эки жаранды Сирияга жөнөтүшкөнү аныкталганы айтылууда. Ошондой эле, тергөө амалы жүрүп жаткан учурда экөө тең Сирияга барганын мойнуна алганы маалымдалган.

43

Тема боюнча: Фото - Сирияда өзүн-өзү жардырган сузактык Бабур мугалим болууну самачу, - таякеси Х.Бакиров

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×