Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2015 16:37

Жалал-Абадда июнь окуясында жарадар болгон жаран батир берилбегенине нааразы

Turmush -  2010-жылы июнь окуясында Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын алдында бутуна ок тийген Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну Маданбек ажы Кочкорбаев ушул убакка чейин ага мамлекет тарабынан батир бериле электигине нааразы.

М.Кочкорбаевдин айтымында, бул маселе боюнча ал 2010-жылы апрель, май, июнь окуялары боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияга бир нече жолу кайрылган.

Бирок, анын өтүнүчү Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция аркылуу курулган турак-жайлар жогоруда аталган окуяларда жабыр тарткан адамдарга таратылган убагында жана андан кийин да канааттандырылган эмес.

«Мындан беш жыл мурунку окуялардан кийин тургузулган батирлер да жабырлануучуларга адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлгөн эмес», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×