Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.12.2015 13:00

Жалал-Абаддын жашоочулары «Жылдын мыкты темир айымын» жана «Жылдын мыкты депутатын» аныкташты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук Барпы театрында 4-декабрда телевидение кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн чоң саланатта Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы тарабынан «Жылдын мыктылары» аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Ата-эне ырларын калкка жеткирип, кадырлап, даңазалаганы үчүн Самара Каримова «Жылдын мыкты ырчысы» аталды. Мыйзамга кайдыгер карагандарды мыйзамга баш ийдиргени үчүн Аида Салянова «Жылдын мыкты темир айымы», КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков «Жылдын мыкты депутаты», экстремизм, терроризмге каршы туруп, жүрөктүүлүктү көрсөтө алгандыгы үчүн Мелис Турганбаев «Жылдын мыкты министри» деп табылды.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов сөзү менен иши айкалышкан ишмердүүлүгү үчүн «Жылдын мыкты мэри», Кыргызстандагы ири окуу жайлардын катарына кошуп, техникалык базасын чыңдоого салымын кошкондугу үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев «Жылдын мыкты ректору», үч жолку кымыз майрамынын жеңүүчүсү, уюштуруучулук чеберчилиги үчүн Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов «Жылдын мыкты акими» деп аталышты.

Жүрөк дартын айыктырган «Ош Кардио» медицина борборунун башкы дарыгери Жыргалбек Максутов «Жылдын мыкты дарыгери», өлкөдөгү электр тармагына үзүрлүү салым кошкондугу үчүн Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы «Жылдын мыкты ишканасы», жумуш орундарын түзгөндүгү үчүн «Байэл» дүң базарынын башкы директору Бахтияр Шерматов «Жылдын мыкты ишкери» деген номианацияларды алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×